Непалда эми өкмөт башчы болчу талапкерлердин айынан башаламандык күч алууда

Sputnik
БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. Катмандуда армия штабынын жанында өздөрүн "Z муун" деп атаган топтор кагылыша кеткенин Kathmandu Post порталы жазды.
Башаламандык Непалдын Жогорку сотунун мурунку төрагасы Сушила Каркини убактылуу премьер-министр кылып дайындоо тууралуу сүйлөшүүлөр жүрүп жаткан маалда башталган.
"Митингчилер аталган кызматка Карки эмес, өздөрүнүн талапкеринин дайындалышын каалап жатышат. Чогулгандардын басымдуу бөлүгү мэр Дхаран Харка Сампангды колдоодо", — деп айтылат маалыматта.
Акцияга чыккандардын кээси окуяларды чагылдырып жаткан индиялык журналисттерге да нааразы болушкан. Мындан тышкары, тартип орнотуу үчүн штабдын жанына Непал армиясы тартылганы айтылды.
Эскерте кетсек, 4-сентябрь күнү Непал бийлиги белгиленген убакытта өлкөнүн Байланыш жана маалыматтык технологиялар министрлигинин каттоосунан өтпөгөн ири социалдык тармактардын ишине бөгөт койгон. Буга нааразы болгон жаштар түп көтөрүлө чыгып, ЖМКлар муну "Z муундун ыңкылабы" деп атады.
Соңку маалымат боюнча, полиция менен кагылышуудан 22 киши каза таап, жүздөгөн киши жаракат алган. Кийинчерээк өкмөт соцтармакка салынган тыюуну алганы менен толкундоолор токтогон эмес. Демонстранттар өлкө премьер-министри Шарм Олинин кызматтан кетүүсүн талап кылышкан. Шейшемби күнү анын резиденциясына өрт коюшуп, өкмөттүк комплекске кирип барып, бийликтеги партия менен парламенттин имаратын өрттөп жиберишкен.
Премьер отставкага кетип, өкмөт мүчөлөрү тик учак менен эвакуацияланды. Финансы министри Бишна Прасад Прауделди митингчилер ур-токмокко алышкан.
Кечээтен тарта армия командачылыгы башка күч структуралары менен биргелешип шаардагы тартипти калыбына келтирүүдө.
Сак болгула! ТИМ Непалда жүргөн кыргызстандыктарга кайрылды