БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. Бишкек шаарынан Түндүк айланма жолуна баруучу Лебединовка — ГЭС-5 унаа жолунда асфальт төшөө иштери башталганын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.
Ошондой эле суу түтүктөрүн орнотуу, жолдун энин кеңейтүү жана негизги жолго катарлаш болгон Биримдик-Кут конушуна кирүүчү кошумча эки тилкенин негизин даярдоо жумуштары жүрүп жатканы белгиленди.
"Унаа жолдун жалпы узундугу 5,1 чакырымды түзөт. Реконструкция иштеринин алкагында жолдун категориясы өзгөрүп, мурда эки тилке болгон жол төрт тилке болуп кеңеет. Ошондой эле жөө адамдар баскан жол салынып, жарыктандырылат", — деп айтылат маалыматта.
Министрлик кыйылган дарактардын ордуна мурдагыдан да көп бак отургузулуп, жолдун негизги курулушу быйыл аяктай турганын кошумчалаган.