Кыргызстанда өзөктүк медицина борборун түзүү чечими кабыл алынды

Sputnik
БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. Министрлер кабинети Улуттук онкология жана гематология борборунун базасында өзөктүк медицина борборун түзүү чечимин кабыл алды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев Бишкекте өткөн эл аралык конференцияда билдирди.
Чечейбаев “Росатомдун” колдоосу менен долбоор тез арада ишке ашарына үмүт артып жатканын белгиледи. Ал аман калган бейтаптардын санын көбөйтүү үчүн онкология тармагы реформаланып жатканын кошумчалады. Заманбап жабдуу алып келүү боюнча Индия менен макулдашылган.

“Биз онкологиялык ооруларды дарылоодо эң алдыңкы технологияларды киргизүүгө умтулуудабыз”, — деди министр.

Улуттук онкология жана гематология борборунун 65 жылдыгына арналган конференцияга министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Жогорку Кеңештин депутаты Винера Раимбачаева, ошондой эле Беларусь, Казакстан, Өзбекстан, Азербайжан, Россия, Түркия жана башка өлкөлөрдөн келген онкологдор менен онкологиялык кызматтардын жетекчилери катышты.
Кыргызстанда өзөктүк медицинанын толук кандуу борборун куруу каралууда