Пресс-борбор

Кыргызстан ЕАЭБде өнөр жай кооперациясынын алгачкы долбоорун ишке ашырат

Sputnik
БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. Кыргызстан ЕАЭБде өнөр жай кооперациясынын биринчи долбоорун ишке ашырат. Бул тууралуу Экономика министрлигинин өкүлү Арсланбек Базиев Sputnik агенттигинде өткөн брифингде билдирди.
Ал ЕЭК кредиттер боюнча пайыздык чендин бир бөлүгүн субсидиялай турган программа өткөн жылы башталганын белгиледи.

"Кыргызстанда жылына болжол менен 170 миң компьютердик система блогуна буйрутма берилмекчи. Долбоордун жалпы баасы болжол менен 600 миллион рублди түзөт", — деген ал брифингде.

Бул программага Россия менен Беларустун ишкерлери да катышууда (ЕАЭБдин үчтөн кем эмес өлкөсүнөн катышуучу керек).
Пресс-борбор
Россия Кыргызстанга инженерлерди даярдоого жардам берет