БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. Телефон чалуулар жана ар кандай онлайн-ыкмаларды колдонуп интернет алдамчылыгын уюштурууга шарт түзүүгө шектелген эл аралык топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматта аталган топтун колунан КМШ өлкөлөрүнүн көптөгөн жарандары жабыр тартышы мүмкүн экени айтылган. Шектүүлөр SIM-BOX деп аталган атайын жабдыкты колдонуп элди тузакка илишкен. Ал мобилдик номер түзүү жана алмаштыруу үчүн колдонулат. Мисалы, Казакстанда туруп Кыргызстанга чалса деле жергиликтүү номерлерден чалып жаткандай көрүнөт. Дал ушундай ыкма менен четте туруп банк кызматкери, жакын тууганы болуп чалып, элди алдашкан.
"Ыкчам иликтөөнүн жүрүшүндө Бишкек шаарынан 31 жаштагы чет өлкөлүк Х.Н аттуу жаран кармалды. Ал Россия менен Казакстандын аймагында SIM-BOX жабдууларын орнотуу жана тейлөө менен алектенген. Ушундай кылмыштуу схеманын үзгүлтүксүз иштешин уюштуруу үчүн Кыргызстанга келген", — деп айтылат.
Шектүүнүн жашаган жерин тинтүү учурунда 32 SIM-карта салынган SIM-BOX жабдыгы, жергиликтүү жана чет өлкөлүк уюлдук операторлордун 71 даана SIM-картасы, WI-FI роутер, ноутбук жана уюлдук телефон табылган.