Бишкектеги белгилүү 6 тойкананын ээси кармалды

Sputnik
БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. Бишкектин 7-Апрель көчөсүн бойлой курулган тойканалар "кызыл сызыктан" өтүп кеткени аныкталып, мыйзам бузууга шектүү катары кожоюну кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматта "Асман", "Мейкин", "Сый Ордо", "Ата", "Ак булут" жана "Ак Сарай" банкет залдарынын кожоюну мамлекеттик кызматчылар менен ымала куруп, алардын таасирин пайдалануу менен тойканаларын мыйзамсыз салганы айтылат. Кылмыштуу аракетке шектелип, коммерциялык объектилердин 36 жаштагы С.А.С. аттуу ээси кармалган.
1 / 4

Бишкектин 7-Апрель көчөсүн бойлой курулган тойканалар "кызыл сызыктан" өтүп кеткени аныкталып, мыйзам бузууга шектүү катары кожоюну кармалды

2 / 4

Маалыматта "Асман", "Мейкин", "Сый Ордо", "Ата", "Ак булут" жана "Ак Сарай" банкет залдарынын кожоюну мамлекеттик кызматчылар менен ымала куруп, алардын таасирин пайдалануу менен тойканаларын мыйзамсыз салганы айтылат

3 / 4

Кылмыштуу аракетке шектелип, коммерциялык объектилердин 36 жаштагы С.А.С. аттуу ээси кармалган

4 / 4

Учурда мыйзамсыз көрүнүштөрдү жок кылуу жана кылмыштуу ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иштери уланып жатат

"Ал өзүнүн каржылык мүмкүнчүлүгүнөн пайдаланып, мамлекеттик кызматкерлердин кенен чөйрөсү менен тыгыз байланышта болуп, айрымдары менен кылмыштуу бүтүмгө келип, алардын калкалоосу менен тойканаларынын аянтын кеңейтип, ижарага алган муниципалдык жерге капиталдык курулуш жүргүзгөн", — деп айтылат маалыматта.
Кечээ, 10-сентябрда, С.А.С. атайын кызматтын тергөө абагына киргизилди. Учурда мыйзамсыз көрүнүштөрдү жок кылуу жана кылмыштуу ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иштери уланып жатат.
Биримдик-Кут конушунда жерди менчиктештирип алгандар кайтарып беришти