БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. Бишкектин борбордук жана чоң көчөлөрүндө гольфкар, веломобиль, велорикша жана квадроцикл менен жүрүүгө тыюу салынат. Бул тууралуу мэриянын Муниципалдык инспекциясы билдирди.
Мекеме борбордук “Ала-Тоо” аянтында рейд өткөрүп, аталган транспорт каражаттарын ижарага бергендерди текшерүүгө алган. Муниципалитеттин буйругуна ылайык, борбордук аянттан тышкары Абдрахманов, Киев, Тоголок Молдо, Жибек Жолу, Малдыбаев, Ахунбаев, Масалиев көчөлөрүндө жана Айтматов проспектинде, Жаш гвардия менен Эркиндик гүлбагында жүргөнгө да болбойт.
Аталган аймактарда ижарага берип, тейлөө көрсөткөн тараптарга мыйзам чегинде айып салынат.