Көп нерсенин башы... АКШда 24 жыл мурда болгон трагедиянын видеосу

2001-жылы 11-сентябрда Нью-Йоркто болгон окуяларга бүт дүйнө көз салып турду. Бул трагедия жана анын чоо-жайын, түпкүрүн окурмандарга айтып бермекчибиз.
Sputnik
Террорчулардын экөө ЦРУ менен байланышта болуп, аталган агенттиктен кадимкидей эле айлык алып турушкан. Бул фактыны атайын кызматтагы маалымат булак тастыктаганын Конгресстин мурдагы мүчөсү Дэйв Уэлдон америкалык журналист Такер Карлсонго айтып берген.
"Бул — учак келип урунганда кыйраган дүйнөдөгү эң бийик бирден-бир имарат. Долбоорун чийген архитекторлордун отчетторун окуп чыксам, "самолеттун урунганына чыдай алмак" дешиптир. Эгиз мунаралар жарылуудан талкаланды. Металл жана болот конструкцияларды иштеп чыгаруу үчүн термит деп аталган кубаттуу жардыргычтар колдонулат. Экспертиза трагедия болгон жерден аталган затты тапты", — деген ал.
Америкалык саясат таануучу, трагедияга күбө болгон Жон Вароли өзүнүн пикирин айткан. Ал ураган Дүйнөлүк соода борборунун үч имаратынын кадрлары Жорж Буштардын кичүүсүнүн өкмөтүнө Жакынкы Чыгыштагы согуштардын жаңы айлампасын баштоо жана атайын кызматтын ыйгарым укуктарын мурда болуп көрбөгөндөй кеңейтүү үчүн керек болгондугун белгилейт.
"Кысымды күчөтүү атайын кызматтын жарандарды көзөмөлдөө жана аңдуу үчүн укуктарын кеңейткен мыйзамдын кабыл алынышынан башталган. Ошондой эле 11-сентябрдагы окуялар Жакынкы Чыгышта согуштарды баштоого шылтоо катары колдонулуп, АКШнын Ирак менен Афганстанга басып киришин актаган", — деди ал.
Теракт 2 977 кишинин өмүрүн алып, 24 адам бейдарек болгон. Ал үчүн жоопкерчиликти мурда АКШнын союздашы болгон Усама бен Ладен башында турган "Аль-Каида"* мойнуна алган.
* Россияда ишмердүүлүгүнө тыюу салынган уюм