БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. 12-сентябрь, жума күнү, республика аймагында күн ачык болот. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүйдө +27...+32, Талас аймагында +25...+30, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +30...+35, Ысык-Көлдө +21...+26, Нарын өрөөнүндө +23...+28 градус ысык болот.
Күндүн табы борбор калаада +29…+31, Ош шаарында +32...+34 градуска көтөрүлөт.