Жасалма документти иликтөөдө 11 жыл мурунку адам өлтүрүлгөн кылмыштын бети ачылды

Sputnik
БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. Мындан 11 жыл мурдагы окуяда адам өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.
Маалыматта 2014-жылдын 13-ноябрында Сокулук районунун Нижневосточная айылында эки адамдын ортосунда чыр чыкканы айтылат. А.Б. аттуу жаран акча салган капчыгын жоготуп алып, М.А. аттуу жарандан көргөн. Күнөөнү мойнуна алдырам деп уруп-сабап, кыйнаган. Жыйынтыгында М.А. каза болуп калганы белгиленген.
"Жабырлануучунун жакындары өлүмдүн себебин билсе дагы кылмышты жашырып, тийиштүү органдарга кайрылбастан маркумду жерге беришкен. М.А. аттуу жарандын өлүмүн күбөлөндүргөн жасалма документ алышып, себеби катары "жүрөк-кан тамыр оорусун" жаздырышкан", — деп айтылат кабарда.
Чүй облустук милициясынын кызматкерлери жабырлануучу маркумдун атына жазылган жасалма документти иликтөөнүн натыйжасында анын киши колдуу болгонун аныкташкан. Ушул жылдын 6-августунда сөөк кайра казылып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Анын корутундусуна ылайык, кыйнап өлтүрүүнүн белгилери бар экени билинген.
Аталган факт боюнча "Адам өлтүрүү" беренеси менен иш козголуп, соттун чечими менен шектүү тергөө абагына киргизилген. Иликтөө уланып жатканы жана кылмышка катышы бар башка адамдардын аракетине да укуктук баа берилери кошумчаланды.
Өз жанын кыйган жоокер. Чек ара кызматынын кенже сержантына иш козголду