Кыргызстандагы лифттер жана аттракциондор: эскирген жабдуулар, көзөмөл жана жаңы чаралар

Sputnik
Минтехнадзор өлкөдөгү бардык лифттерди жана аттракциондорду коркунучтуу өндүрүштүк объекттерге теңөө боюнча долбоор сунуштады. Себеби, азыркы мыйзамдар алардын абалын толук көзөмөлдөөгө мүмкүндүк бербейт. Айрыкча көп кабаттуу үйлөрдүн активдүү курулушунда лифт маселеси курч бойдон калууда. Бүгүн өлкөдөгү лифттердин жана аттракциондордун 60–80%ы кызмат мөөнөтүн өтөп бүткөнү айтылууда. Бул абал көп жылдар бою көзөмөлдүн алсыздыгы жана жаңы жабдууларды убагында алмаштырбоо менен байланыштуу. Лифттерди текшерүү үзгүлтүксүз жүргүзүлүшү зарыл. Профилактикалык иштер белгилүү мөөнөттөрдө жасалышы керек. Жаңы лифттерди орнотуу стадиясында да көзөмөл жүргүзүү маанилүү. Аттракциондор да белгилүү график менен текшерилет. Ведомство документтерди карап чыгуудан тышкары техникалык деталдарды да текшерүүгө тийиш.
Эгерде коопсуздук талаптарына жооп бербеген учурлар аныкталса, айып салуу, ишин токтотуу сыяктуу чаралар колдонуларын “Ачык кеп” программасында мейманыбыз Ормонбек Мундузбаев билдирди.