Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Sputnik
Быйыл Кыргызстанда 76 өнөр жай ишканасы ачылды. Жыл соңуна чейин алардын саны жүздөн ашат. Бул тууралуу экономика жана соода министринин орун басары Искендер Асылкулов билдирди. Аткаминердын айтымында, жалпысынан 124 долбоор ишке ашып жатат. Андан тышкары, 48 долбоор иштеп чыгуу баскычында турат. Ушул жылы жалпы 10 миңден ашык жумуш орду пайда болору болжолдонгон."Эгер биз жөн гана чийки зат сатсак, анда аны даярдаганга аз эле адам тартылат. Ал эми биз аны кайра иштетип, даяр продукция түрүндө чыгарсак, таптакыр башка натыйжага жетебиз. Товар пайда болот, баа өсөт, фабрика-заводдор ачылып, калк жумуш менен камсыз болот. Экинчиден, чийки зат өлкөсү эмес, өндүрүшү бар, экспортко умтулган өлкөгө айланабыз", — деди Асылкулов. Министрдин орун басары Кыргызстан ЕАЭБ өлкөлөрүнүн арасында өнөр жайдын өсүү темпи боюнча эки жыл катары менен биринчи орунда экенин кошумчалады. Бул инвестиция агымынын көбөйүшү жана өнөр жай ишканаларынын курулушу менен байланыштуу.
Депутат чиновниктердин тагынган сааты Rolex, мингени Maybach экенин айтып, мыйзамга “коррупциялык жүрүм-турум” түшүнүгүн киргизүүнү сунуштады "Кээ бир чиновниктердин сааттары Hublot, Rolex, Audemars Piguet, минген унаалары Lexus 600, Крузак 300, Maybach. Булар өтө кымбат. Күн сайын кымбат ресторандарда тамактанып, бизнес-класс менен учушат. Декларациясын карасаң маянага жашап, бизнеси жок. Бул коррупциялык жүрүм-турум. Ушуну мыйзамга киргизиш керек", — деди Дастан Бекешев. Башык прокурордун орун басары Үмүткан Коңкубаева эл өкүлүнүн пикирин колдоп, бул багытта мониторинг жана анализ жүргүзө турган башкармалык иштеп баштаганын белгиледи.
Бишкекте чет элдиктерге интимдик кызмат көрсөткөн жашыруун бар аныкталды. Бул тууралуу УКМК билдирди. Бар караоке-клуб катары көрсөтүлүп иштеп турган. Күч органдары андан 36 кызды жана 19 чет өлкөлүк эркек кишини табышкан.Мекеменин кыргызстандык уюштуруучусу кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.“Кыздардын маалыматы картотекага киргизилип өздөрү каттоого алынды. Аларга укук бузуулар жөнүндө кодекске ылайык чара көрүлөт”, — деп айтылат УКМКнын маалыматында.
АКШ Европанын 2026-жылдын соңуна чейин Россиядан газ алууну биротоло токтотуу боюнча убадасын алды. Бул тууралуу Американын энергетика министри Кристофер Райт айтканын РИА Новости жазды. "Алар кийинки жылдын аягына чейин россиялык газдын бардык түрүн импорттоону токтоторун билдиришти. Быйыл келишим аткарыла берет. 2026-жылы да макулдашууга ылайык, Россиядан газ сатып алууга жол берилет. Бирок 2027-жылдын 1-январынан тарта россиялык газ болбойт", — деген аткаминер CNBC маек куруп жатып. Райт АКШ Европа рыногун Американын суюлтулган газы менен камсыздоону максат кылып жатканын белгиледи. Анын айтымында, экспорттун азыркы көлөмү кыйла жогорулайт. Россиялык газдан баш тарттыруу АКШ президенти Дональд Трамптын Москвага карата көргөн санкциялык кадамы болуп саналат. Европа лидерлери 5-сентябрь күнү болгон сүйлөшүүдө Ак үйдүн ээсин толугу менен колдоп беришкен.