Коомчулукта кызуу талкууланып жаткан жаңы демилге тууралуу сөз кылдык. Башкы прокуратура алимент төлөөдөн баш тарткандарга карата жоопкерчиликти күчөтүп, камоо чарасын киргизүүнү сунуштап жатат. Мыйзам долбоору учурда коомдук талкууда. Документке ылайык, эгер ата-эне соттун чечимин же алименттик келишимди үч ай катары менен аткарбаса, үч суткага камоо каралууда. Мыйзамды кайталап бузгандар жети суткага чейин камалышы мүмкүн. Ошондой эле эмгекке жарамсыз жана жардамга муктаж ата-энени багуудан үч ай катары менен баш тарткан балдарга да үч суткага камоо чарасы сунушталууда.
Мына ушундай талаштуу маселе боюнча кененирээк маек куруу үчүн студиябызга Кубанычбек Капалов жана Бакыт Тодогелдиев келип, үй-бүлөгө жана балдарга кызматтарды өркүндөтүү боюнча чечимдерди даярдоо башкармалыгынын жетекчиси келип олтурушат. Биз бул жаңы мыйзам долбоорунун маанисин, аткаруу механизмдерин жана коомго тийгизе турган таасирин талкуулайбыз.