Эгемендүүлүккө 34 жыл — Советтик илим мектебинин пайдубалын сактап калдыкпы?

Sputnik
Кыргыз республикасы көз карандысыздыктын 34 жылдыгын белгилеп жатат. Эгемендүүлүктү алгандан берки бул аралыкта өлкөнүн бир топ жетишкендиги, кыйын учуру да болбой койгон жок. Кыргызстан мамлекеттүүлүктү бекемдөө, социалдык-экономикалык өнүгүүнү камсыз кылуу жана эл аралык аренада өзүнүн кадыр-баркын жогорулатуу ишинде ийгиликтерге жетти. Ал эми илим бул мезгилде кандай өнүктү?
Бул суроого Президентке караштуу Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти, юридика илимдеринин доктору, академик Чолпонкул Арабаев жооп берди.