Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Sputnik
Кыргызстанда өтө жакырчылыкта жашаган жарандардын саны сегиз эсеге кыскарды. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы тастыктайт. Белгиленгендей, 2024-жылы 198 миң 300 кыргызстандык өтө жакырчылыкта жашаган. Бул көрсөткүч 1 миллион 600 мин адамды түзгөн 2000-жылга салыштырмалуу дээрлик сегиз эсеге аз. Ал эми ошол мезгилде 1 миллион 900 минге жакын адам жакырчылыктын чегинде катталган. Балдар эң аялуу топ болуп саналат: 2024-жылы ар бир үчүнчү бала, тактап айтканда 33,1 пайызы жакырчылыкта жашаган. Алардын ичинен 112 миңге жакын бала — өтө жакырчылыкта болгон.
2025-жылдын 1-сентябрынан тартып, Москва шаарына жана Москва облусуна эмгектенүү үчүн келген чет элдик жарандар, анын ичинде Кыргызстандын жарандары, “Амина” аттуу мобилдик колдонмону милдеттүү түрдө орнотууга тийиш.Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, аталган колдонмо учурдагы миграциялык каттоонун ордуна колдонулат жана жашаган дарек боюнча маалыматты онлайн режимде берүүгө мүмкүнчүлүк түзөт. Каттоого туруу Москвадагы Көп функционалдуу миграциялык борбор аркылуу ишке ашат. Колдонмону жүктөө “RuStore” аркылуу жеткиликтүү жана колдонмого кирүү үчүн чет элдик жарандын ID-картасы талап кылынат. Тиркеме Россиянын Ички иштер министрлигине геолокация боюнча маалымат жөнөтүп турат. Эгер үч күн бою маалымат берилбесе, жаран каттоодон автоматтык түрдө чыгарылып, көзөмөлдөгү адамдардын реестрине киргизилиши ыктымал. Мындан улам Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги мекендештерди жаңы эрежелер менен таанышып чыгууга чакырат.
Ош шаарынын борборунда коомдук тамактануу жайлары жеке унаа токтотуучу жайларды курууга милдеттүү, антпесе электр жарыгы, суусу өчүрүлөт. Бул тууралуу түштүк борбордун мэри Жеңишбек Токторбаев шаардык кеңештин сессиясында билдирди. Анын айтымында, талап биринчи кезекте шаардын так ортосунда жайгашкан кафелерге тиешелүү. «Биз буга чейин кафе ээлери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнбүз. Эгерде алар унаа токтотуучу жайларды курбаса, электр жарыгын өчүрөбүз. Тилекке каршы, айрымдары биздин эскертүүлөрүбүздү аткарышкан жок. Аларды электр энергиясынан өчүрүүгө аргасыз болобуз», — деди мэр. Мэр шаардын борбордук бөлүгүндөгү кафе-ресторандардын иштеши үчүн унаа токтотуучу жайдын болушу милдеттүү шарт экенин баса белгиледи.
Украинада аялдарды аскерге тартууга даярдык жүрүп, армиянын бригадаларында гендердик теңдик боюнча командирдин кеңешчиси деген кызмат киргизилүүдө. Бул туурасында РИА Новостиге россиялык күч органдарындагы маалымат булактар айтып беришкен. "Украинанын Куралдуу күчтөрүндө жеке курамдын саны тездик менен азаюуда. Каза тапкандар көп, катарды өз ыктыяры менен толуктоочулар жок. Ал эми аскерге чакырылгандардын сапаты жакшы эмес. Дал ушундан улам Украинада аялдарды аскерге чакырууга даярдыктар болушунча активдүү жүрүп жатат. Бригадаларда гендердик теңдик боюнча командирдин кеңешчилери деген кызмат киргизилүүдө", — деген маектеш.