Жалал-Абад шаарынын аталышын Манас деп өзгөртүүнү Жогорку Кеңеш колдоду

Sputnik
БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. "Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарын Манас шаары деп кайра атоо жөнүндө" мыйзам долбоору парламенттин жалпы жыйынында каралып, эл өкүлдөрү колдоду.
Парламентарийлер мыйзам долбоорун бир эле учурда үч окууда карап жактырышты. Жыйынга катышкан 86 депутаттын ичинен 80 эл өкүлү "макул" деген добуш берген. Калган алты депутат пикирин билдирген жок.
Калаанын аталышын өзгөртүү демилгесин мэр Эрнисбек Ормоков көтөргөн. Анын сунушун шаардык кеңеш колдогон. Өкмөт мыйзам долбоорун даярдап, коомдук талкуудан кийин бүгүн Жогорку Кеңеш карады. Мыйзам зарыл болгон бардык процедурадан өтүп, өлкө башчынын кол коюусу гана калды.
Жалал-Абад шаарынын аталышын өзгөртүүгө канча каражат кетери айтылды