ЕАЭБ энергетикалык муктаждыкты чечүүнүн салттуу жана заманбап ыкмаларына таянат

Sputnik
БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. Евразия экономикалык биримдиги калыбына келүүчү энергия булактарын жана энергия өндүрүүнүн салттуу ыкмаларын өнүктүрүүгө бирдей мамиле кылууда. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын энергетика жана инфратүзүм боюнча министри Арзыбек Кожошев билдирди.
Ал 8-10-сентябрь күндөрү Кытайдын борбору Пекинде өткөн "Глобалдык энергетикалык биригүү-2025" конференциясына катышкан. Иш-чараны Глобалдык энергетикалык биригүү алкагында өнүгүү жана кызматташтык боюнча уюм (GEIDCO) демилгелеген. Күн тартибине энергияга болгон муктаждыкты экологиялык жол менен чечүү маселелери коюлган.
"Энергетика тармагындагы көйгөйлөрдү чечүүдө салттуу жана калыбына келүүчү энергия булактарын тең салмактап караганыбыз дурус. Күндөн, шамалдан кубат алган бүгүнкү заманбап ыкма генерациянын убакыт сынынан өткөн ишенимдүү жолуна таянышы керек. Экөөнү тең салмактап өнүктүрсөк, улуттук да, глобалдык да энергетикалык коопсуздукту камсыздай алабыз. ЕАЭБ өлкөлөрү тармакты өнүктүрүүгө дал ушундай мамиле кылат", — деген Кожошев.
ЕАЭБдин азык-түлүк коопсуздугу үчүн үрөндүн жалпы рыногу жакшыртылууда