Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Украинада кыз-келиндерди аскерге чакырууга даярдык жүрүп жатканын айтышты

Sputnik
БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. Украинада аялдарды аскерге тартууга даярдык жүрүп, армиянын бригадаларында гендердик теңдик боюнча командирдин кеңешчиси деген кызмат киргизилүүдө. Бул туурасында РИА Новостиге россиялык күч органдарындагы маалымат булактар айтып беришкен.
"Украинанын Куралдуу күчтөрүндө жеке курамдын саны тездик менен азаюуда. Каза тапкандар көп, катарды өз ыктыяры менен толуктоочулар жок. Ал эми аскерге чакырылгандардын сапаты жакшы эмес. Дал ушундан улам Украинада аялдарды аскерге чакырууга даярдыктар болушунча активдүү жүрүп жатат. Бригадаларда гендердик теңдик боюнча командирдин кеңешчилери деген кызмат киргизилүүдө", — деген маектеш.
Ал Украина армиясындагы механизациялашкан 22-өзүнчө бригадасына Шевченко атындагы Киев улуттук университетин бүткөн Дарья Мяшкур ушул кызматка дайындалгандыгын айткан. Мяшкур беш жылдан бери кызмат өтөп, майор чинине жеткен.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
ЖМК: украин жоокерлери аскерий жетекчилигине нааразы