БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. Бишкекте чет элдиктерге интимдик кызмат көрсөткөн жашыруун бар аныкталды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Бар караоке-клуб катары көрсөтүлүп иштеп турган. Күч органдары андан 36 кызды жана 19 чет өлкөлүк эркек кишини табышкан.
Мекеменин кыргызстандык уюштуруучусу К.А.А. кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.
“Кыздардын маалыматы картотекага киргизилип өздөрү каттоого алынды. Аларга укук бузуулар жөнүндө кодекске ылайык чара көрүлөт”, — деди УКМК.