Трамп Израилдин Катарга чабуул койгонуна кубанбаганын айтты

Sputnik
БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп Израилдин Катарга сокку урганына Вашингтон кубанып турган жок деген пикирин билдирди. Бул туурасында РИА Новости жазды.
"Буга кубанган жокпуз", — деген Ак үйдүн жетекчиси журналисттерге.
Аны менен катар эле буга таң калбаганын да кошумчалаган.
Израилдин коргонуу армиясы кечээ "Оттуу чоку" деп аталган операциянын башталгандыгын жана ХАМАСтын башында турган аткаминерлерине чабуул жасалгандыгын кабарлаган эле.
Окуяга күбө болгондор РИА Новостиге Дохада катуу жарылуулар болгондугун айтып берген. Israel Hayom басылмасы АКШ менен Катарды аталган лидерлерге сокку уруунун алдында кабардар кылгандыгын жазды. Нетаньяхунун кеңсеси бул кадам боюнча чечимди Тель-Авив өзү кабыл алгандыгын жана жоопкерчиликти да өз мойнуна аларын билдирди.
Муну менен катар эле Трамп чабуулдан кийин Нетаньяху менен сүйлөшкөндүгүн жана муну "кырсык" деп атагандыгын айтты.
РИА Новостиге түшкөн маалыматтарда ХАМАС Израиль чабуулунун кесепетинен алты киши көз жуумп, кыймылдын Газа тилкесиндеги жетекчиси да уулунан ажырагандыгын билдирген.
Араб мамлекеттеринин арбыны Израилдин бул жоругун айыптап, ал нерсе жалпы аймактагы коопсуздук менен туруктуулукка доо кетирип жаткандыгын айтып, Катарга тилектештигин билдирди. Мындан сырткары, эл аралык коомчулукту Тель-Авивдин мындай чабуулдарына чекит койдурууга чакырды.
Катардын премьер-министри Мухаммед бен Абдеррахман Аль Тани маалымат жыйын учурунда Израилге жооп кайтаруу маселесин Доха өзү чечерин айтып, жалпы Жакынкы Чыгыш менен Перс булуңун масштабдуу согушка алып келүүчү "Нетаньяхунун акылсыздыгын" токтотууга чакырды.
Израиль Катарга ракеталык чабуул жасады. Садыр Жапаров сокку урулушун айыптады