Россия ТИМи Катарга чабуул жасаган Израилди айыптады

Sputnik
БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. Россия Израилдин Доха шаарына чабуул жасашын эл аралык укуктарды бузган кадам деп баалайт. Бул туурасында РИА Новости РФтин Тышкы иштер министрлигине таянып жазды.
"Россия бул окуяны эл аралык укуктарды жана БУУнун уставын одоно бузуу, эгемендикке жана көз карандысыз мамлекеттин бүтүндүгүнө кол салуу деп баалайт. Муну Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды чайпалтып жана анын чыңалып кетишине жасалган кадам деп карайт. Израилдин өздөрүн касыбыз деп эсептеген тарапка, атаандаштарына мындай мамиле жасаганын чечкиндүү түрдө айыптоого болот", — деп Россиянын тышкы саясий ведомствосунан айтышты.
Израилдин коргонуу армиясы кечээ "Оттуу чоку" деп аталган операциянын башталгандыгын жана ХАМАСтын башында турган аткаминерлерине чабуул жасалгандыгын кабарлаган эле.
Окуяга күбө болгондор РИА Новостиге Дохада катуу жарылуулар болгондугун айтып берген. Israel Hayom басылмасы АКШ менен Катарды аталган лидерлерге сокку уруунун алдында кабардар кылгандыгын жазды. Нетаньяхунун кеңсеси бул кадам боюнча чечимди Тель-Авив өзү кабыл алгандыгын жана жоопкерчиликти да өз мойнуна аларын билдирди.
Муну менен катар эле Трамп чабуулдан кийин Нетаньяху менен сүйлөшкөндүгүн жана муну "кырсык" деп атагандыгын айтты.
РИА Новостиге түшкөн маалыматтарда ХАМАС Израиль чабуулунун кесепетинен алты киши көз жуумп, кыймылдын Газа тилкесиндеги жетекчиси да уулунан ажырагандыгын билдирген.
Араб мамлекеттеринин арбыны Израилдин бул жоругун айыптап, ал нерсе жалпы аймактагы коопсуздук менен туруктуулукка доо кетирип жатканын айтып, Катарга тилектештигин билдирди. Мындан сырткары, эл аралык коомчулукту Тель-Авивдин мындай чабуулдарына чекит койдурууга чакырды.
Катардын премьер-министри Мухаммед бен Абдеррахман Аль Тани маалымат жыйын учурунда Израилге жооп кайтаруу маселесин Доха өзү чечерин айтып, жалпы Жакынкы Чыгыш менен Перс булуңун масштабдуу согушка алып келүүчү "Нетаньяхунун акылсыздыгын" токтотууга чакырды.
Трамп Израилдин Катарга чабуул койгонуна кубанбаганын айтты