БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. АКШдагы эркин сенатор Вермонт Берни Сандерс Нетаньяхунун өкмөтү көзөмөлдөн чыгып кеткенин айтты. Бул туурасында РИА Новости жазды.
"Нетаньяхунун экстремисттик өкмөтү толугу менен көзөмөлдөн чыгып кетти. Алар Газада балдарды ачка кылып кырып эле тим болбостон, АКШнын коопсуздук боюнча өнөктөшү болгон Катарга бомба таштап эл аралык укуктарды да бузуп жатат. АКШ тараптан Израилге аскердик жардам токтошу керек", — деген Сандерс.
Израилдин коргонуу армиясы кечээ "Оттуу чоку" деп аталган операциянын башталганын жана ХАМАСтын башында турган аткаминерлерине чабуул жасалгандыгын кабарлаган эле. Муну менен катар эле Трамп чабуулдан кийин Нетаньяху менен сүйлөшкөнүн жана муну "кырсык" деп атаганын айтты.
РИА Новостиге түшкөн маалыматтарда ХАМАС Израиль чабуулунун кесепетинен алты киши көз жуумп, кыймылдын Газа тилкесиндеги жетекчиси да уулунан ажыраганын билдирген.
Араб мамлекеттеринин көбү Израилдин бул жоругун айыптап, ал нерсе жалпы аймактагы коопсуздук менен туруктуулукка доо кетирип жатканын айтып, Катарга тилектештигин билдирди. Мындан сырткары, эл аралык коомчулукту Тель-Авивдин мындай чабуулдарына чекит койдурууга чакырды.
Катардын премьер-министри Мухаммед бен Абдеррахман Аль Тани маалымат жыйын учурунда Израилге жооп кайтаруу маселесин Доха өзү чечерин айтып, жалпы Жакынкы Чыгыш менен Перс булуңун масштабдуу согушка алып келүүчү "Нетаньяхунун акылсыздыгын" токтотууга чакырды.