Радио

Министрдин орун басары: китепкана эми китеп сактаган жай болбойт

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков китепканалардын учурдагы абалы тууралуу айтып, бул тармак реформага муктаж экенин белгиледи.
Sputnik
Китепканаларды реформалоого инфраструктура маселеси, кадр тартыштыгы, окурмандардын аздыгы жана китепканалардын заманбап талаптарга жооп бербегендиги себеп болууда. Бул тууралуу Союзбек Надырбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, союз убагынан калган эски китептер китепканаларда том-том болуп сакталууда, анткени буга чейин аларды жокко чыгаруу боюнча расмий эреже болгон эмес. Эми ал нускама иштелип чыкты.
"Министрдин тапшырмасы менен аймактарды кыдырып, китепкана, музей, театр, музыкалык мектептердин абалын көрүп чыктым. Китепканалардын абалы окшош. Көпчүлүгү эски, азыркы талапка жооп бербейт. Айрым айылдарда тогуз китепкана болсо, бирөө да иштебейт. Кээ бир китепканалар үйлөрдө жайгашып, айлык акы төлөнүүдө. Бул мамлекеттик каражатты максатсыз пайдалануу болуп саналат. Ошол эле учурда активдүү иштеп жаткандары да бар. Бул жетекчиликтен көз каранды экен. Азыркы тапта инвентаризация иштери жүрүп жатат. Бул иштер 16-сентябрда жыйынтыкталат", — деди Надырбеков.
Ошондой эле ал жаштар үчүн китепкана жөн гана китеп сакталган жай болбошу керектигин, азыр атмосфера маанилүү экенин белгиледи.
"Жаштар азыр библиотекага китеп үчүн эмес, шарты бар аянтча, атмосфера үчүн келет. Бизде 20-30 жыл мурда, керек болсо 1800-жылдары курулган китепканалар бар. Аларды оңдой бергенден пайда жок. Заманбап, көп функционалдуу маданий борборлор керек. Нарында мындай борбордун курулушу башталып, капсула салынды. Маданият тармагында реалдуу кадамдар башталды", — деди Надырбеков.
Мындан тышкары, ал аймактарды кыдырууда элдин базалык муктаждыктары чечилип, маданиятка болгон талабы күчөгөндүгүн байкаганын кошумчалады.