БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. Улуттук илимдер академиясынын президентинин Камбар-Ата-1 ГЭСи сейсмологиялык жактан кооптуу жерге куруларын айткан билдирүүсүнө Энергетика министрлиги кескин жооп кайтарды.
Кечээ Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекси, жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин жыйынында академиянын президенти Канатбек Абдрахматов (ал өлкөдөгү башкы сейсмолог) катуу жер титирөө болсо суу сактагычтын дамбасы жарылып, каскаддын төмөн жагындагы электр станцияларын суу чайкап кетерин эскерткен.
Өлкөнүн Энергетика министрлиги илимпоздун мындай билдирүүсү каралоо жана зыян келтирүү болуп саналарын айтты.
Министрликтин жообу:
консультация берген компания сейсмологиялык анализ жасоо үчүн чет элдик адистерди тартты. Сейсмологиялык булактардын анализи, тагыраагы, 1770-жылдан 2024-жылга чейинки аймактагы жер титирөөлөрдүн маалымат базасы даярдалды;
эксперттер консультант-компанияга геологиялык коркунучтарды, анын ичинде жаракаларды эске алууну сунушташты;
Камбар-Ата-1 ГЭСи үчүн гравитациялык плотинанын ийилген варианты сунушталган. Бул суу чыгарган системалардын багытынан улам конструкциянын гидравликалык майнаптуулугун арттырып, аны бекемдөөгө шарт түзөт;
компания гравитациялык бетон плотинасынын конструкциясы жүктү көтөрө алары боюнча корутунду чыгарды;
техникалык-экономикалык негиздеменин акыркы отчету менен тааныш эмес адистердин ГЭС куруунун максатка ылайыктуулугу жөнүндөгү айткандары каралоо жана зыян келтирүү болуп саналат.
Белгилей кетсек, Канатбек Абдрахматов Улуттук илимдер академиясынын президенти, ошол эле учурда Сейсмология институтунун директору болуп иштейт. Геология-минералогия илимдеринин доктору.