11-сентябрга карата аба ырайы

11-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. Бейшембиде күндүз Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Калган аймактарда күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө 23…28, Талас менен Ысык-Көл өрөөнүндө 21…26, Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында 28…33, Нарын облусунда 22…27 градус болот.
Күндүн табы Бишкекте 25…27, Ош шаарында 30…32 градусту көрсөтөт.
Жалал-Абад шаарынын аталышын Манас деп өзгөртүүнү Жогорку Кеңеш колдоду