«Азыркы Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталар» коллекциялык тыйынын кайдан алса болот? – Өлкөдө нумизматика кандай өнүгүүдө

Sputnik
1-сентябрдан тартып "Азыркы кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталар" коллекциялык тыйыны жүгүртүүгө чыкты. Анын алдыңкы бетинде мамлекеттик желектин тегерегинде Абдыкерим Сыдыков, Иманалы Айдарбеков, Жусуп Абдрахманов, Абдыкадыр Орозбеков жана Ишеналы Арабаевдин сүрөттөрү жайгашып, “Азыркы Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталар” деген жазуу түшүрүлгөн. Арткы бетинде КР герби жана боз үйдүн элементтери бар. Бүгүнкү “Ачык кеп" программасында дал ушул коллекциялык тыйын жана дегеле нумизматика биздин өлкөдө кандай өнүккөнү тууралуу маектештик. Биздин суроолорубузга Улуттук банктын эксперттик бөлүмүнүн башкы экономисти Күмүшай Артыкова жооп берди.