Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Sputnik
Жалал-Абад шаарынын аталышын Манас деп өзгөртүүнү Жогорку Кеңеш колдоду. Алдыда кененирээк"Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарын Манас шаары деп кайра атоо жөнүндө" мыйзам долбоору парламенттин жалпы жыйынында каралып, эл өкүлдөрү колдоду. Парламентарийлер мыйзам долбоорун бир эле учурда үч окууда карап жактырышты. Жыйынга катышкан 86 депутаттын ичинен 80 эл өкүлү "макул" деген добуш берген. Калган алты депутат пикирин билдирген жок. Калаанын аталышын өзгөртүү демилгесин мэр Эрнисбек Ормоков көтөргөн. Анын сунушун шаардык кеңеш колдогон. Өкмөт мыйзам долбоорун даярдап, коомдук талкуудан кийин бүгүн Жогорку Кеңеш карады. Мыйзам зарыл болгон бардык процедурадан өтүп, өлкө башчынын кол коюусу гана калды.
Кыргызстандын 14 миң 600дөн ашык жараны Россияда статусун мыйзамдаштырды. Бул тууралуу Россиянын Ички иштер министрлиги билдирди. Эске салсак, бүгүн Россияда мыйзамсыз жүргөн мигранттардын өлкөдө жүрүүсүн мыйзамдаштыруу мөөнөтү аяктады. 11-сентябрдан тарта аны аткарбаган чет элдик жарандар өлкөдөн чыгарылып, мыйзамда каралган бардык чектөөлөр колдонулат, анын ичинде Россияга кийин кирүүгө тыюу салынары айтылган. Мындай адамдар жөнүндө маалыматтар көзөмөлгө алынгандардын реестрине киргизилет.
Республикада түшүм жыйноо активдүү уланып, айдоо аянттары 65 пайыз жыйналып бүттү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү министрлиги билдирди. Быйыл, 2025-жылдын сентябрь айынын башына карата республика боюнча жалпы 678,4 миң гектар айдоо аянтынын ичинен 461,4 миң гектары жыйналып, бул көрсөткүч 68 %ды түзөт. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,9 миң гектарга көп. Ал эми жалпы дан эгиндеринин дүң түшүмү 2025-жылы 1030,1 миң тоннаны түздү. Орточо түшүмдүүлүк — 22,3 центнер/гектар. Жүгөрүнүн түшүмдүүлүгү 72 центнер/га деңгээлинде болууда. Оруп-жыйноо иштерине жалпысынан 948 бирдик техника тартылып, бул былтыркы жылга салыштырмалуу 237 техникага көп.Түшүм жыйноо иштери белгиленген графикке ылайык уланып жатканы кошумчаланды.
АКШдагы эркин сенатор Вермонт Берни Сандерс Нетаньяхунун өкмөтү көзөмөлдөн чыгып кеткенин айтты. Бул туурасында РИА Новости жазды. "Нетаньяхунун экстремисттик өкмөтү толугу менен көзөмөлдөн чыгып кетти. Алар Газада балдарды ачка кылып кырып эле тим болбостон, АКШнын коопсуздук боюнча өнөктөшү болгон Катарга бомба таштап эл аралык укуктарды да бузуп жатат. АКШ тараптан Израилге аскердик жардам токтошу керек", — деген Сандерс. Израилдин коргонуу армиясы кечээ "Оттуу чоку" деп аталган операциянын башталганын жана ХАМАСтын башында турган аткаминерлерине чабуул жасалгандыгын кабарлаган эле. Муну менен катар эле Трамп чабуулдан кийин Нетаньяху менен сүйлөшкөнүн жана муну "кырсык" деп атаганын айтты. РИА Новостиге түшкөн маалыматтарда ХАМАС Израиль чабуулунун кесепетинен алты киши көз жуумп, кыймылдын Газа тилкесиндеги жетекчиси да уулунан ажыраганын билдирген.