Бүгүн биз Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматынын төрагасы Акжол Калбеков менен маек курдук. Кыргызстанда акысыз юридикалык жардам системасы акыркы жылдары өзгөчө мааниге ээ болуп, жарандардын укуктарын коргоодо чоң роль ойноодо.
Маекте төмөнкү маселелерге токтолобуз: акысыз юридикалык жардам кимдерге көрсөтүлөт, бул кызматты алуу үчүн жаран кандай жол-жоболордон өтүшү керек, айыл жергесинде жашагандар үчүн кызмат жеткиликтүүлүгү кандай камсыздалууда, мамлекет адвокаттын чыгымын толук жаба алабы, жаран юрист туура эмес кеңеш берсе, кайсы жакка кайрыла алат.
Бул суроолор аркылуу биз өлкөдөгү акысыз юридикалык жардамдын абалын, мүмкүнчүлүктөрүн жана келечегин талкууладык