Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Sputnik
Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан ортосунда 2026-жылдын жаз айларына чейин электр энергиясы менен камсыз кылуу боюнча протоколго кол коюлду. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти. Ага ылайык, Казакстандын энергосистемасы аркылуу Россиядан, Өзбекстан аркылуу Түркмөнстандан электр энергиясын импорттоо шарттары макулдашылган. Мындан тышкары, Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда да электр энергиясын жеткирүү боюнча эки тараптуу протоколго кол коюлган. Энергетика министрлиги Токтогул суу сактагычындагы сууну сактоо жана сарамжал пайдалануу үчүн ушундай аракет көрүлүп жатканын белгилеген. Жолугушуу Чолпон-Ата шаарында өтүп, ага үч өлкөнүн суу чарбасы менен энергетикасын тескеген мекемелеринин жетекчилери катышты.
Өкмөт аз камсыз үй-бүлөлөргө электр энергиясы боюнча тарифтик жеңилдикти акчалай компенсацияга алмаштырууну көздөөдө. Энергетика министрлиги президенттин тиешелүү жарлыгына өзгөртүү киргизүүнү сунуштап, документти коомдук талкууга чыгарды. Учурда "Үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пулун алган 16 жашка чейинки балдары барлар электр энергиясынын 1 кВт/саатына 50 тыйындан төлөшөт. Бул жеңилдик 2024-жылы 62,8 миң абонентке берилип, алар жыл ичинде 320,4 млн кВт/саат электр энергиясын колдонгон. Натыйжада энергетикалык компаниялар 185,1 млн сом чыгым тарткан. Министрлик бул жеңилдик натыйжалуу болбой жатканын белгилөөдө. Себеби көпчүлүк үй-бүлөлөр ижара үйлөрдө жашап, бат-баттан көчүп жүрүшөт. Мындан улам жеңилдиктин ордуна ар бир үй-бүлөгө ай сайын акчалай компенсация берүү сунушталууда. Ал жөлөк пулга кошулуп берилет. Ошол эле учурда үй-бүлөлөр азыр 1 кВт/саат электр энергиясы үчүн 50 тыйын төлөп жатканын эске алып, компенсация 700 кВт/саатка чейин эсептелет, бирок ошол 50 тыйын азыркы төлөмдөн алып салынат.
Акыркы жылдары Евразия мейкиндигинде эл аралык коопсуздук концепциясынын системасы эле эмес, аны кабыл алуунун өзү да өзгөрдү. Бул тууралуу Россия Илимдер академиясынын коомдук илимдер боюнча илимий маалымат институтунун директору Алексей Кузнецов Бишкекте өтүп жаткан IV Евразиялык аналитикалык форумда билдирди.Эксперт жыйынга видеобайланыш аркылуу чыккан.Кузнецовдун айтымында, бүгүн Чоң Евразия мейкиндигинде туруктуу тынчтыкты камсыздоочу коопсуздук концепциясы жана аны ишке ашыруу жолдорун бекитүү маселеси курч турат.Кузнецов евразиялык үч бурчтук деп аталган Россия, Кытай жана Индиянын жогорулап жаткан ролуна токтолгон. Анын айтымында, бул мамлекеттер ушу тапта көпчүлүк умтулган дүйнөдөгү туруктуулукка негиз болуп бере алышат."Аталган өлкөлөр өздөрү үчүн эле эмес, жанындагы коңшулары үчүн да адилеттүү дүйнө тартибин түзүүгө жөндөмдүү. Россия, Кытай, Индиянын үч бурчтугу тууралуу айтсак, географиялык жактан алганда үч мамлекет менен чектешкен Борбордук Азия дүйнө тартибинин трансформациясынан четте кала албайт", — деди адис.