БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Бишкек шаарынын Биримдик-Кут конушунда социалдык объектилерди курууга бөлүнгөн жер тилкелерин менчикке мыйзамсыз чыгарууга жергиликтүү бийлик өкүлдөрү шектелүүдө. УКМК алар уюштурган коррупциялык схемага бөгөт коюлганын билдирди.
Жаңы конуштун 2012-жылы бекитилген башкы планында 3,5 гектар жер тилкеси мектеп, спорт комплекси, өрт өчүрүүчү станция, трансформатордук станция, муниципалдык базар жана башка социалдык-инфраструктуралык объектилерди куруу үчүн бөлүнгөн.
Бирок жергиликтүү бийлик өкүлдөрү мамлекеттик органдардын кызмат адамдары жана жер саткычтар менен жең ичинен макулдашып, менчикке чыгарып кетишкени аныкталган. Кийин колдон-колго өткөрүп сатып жиберишкен. Атайын кызмат азыркы учурда конкреттүү үч фактынын аныкталганын белгиледи:
спорт комплексине арналган 0,35 гектар аянт Д.Н.А аттуу жаранга таризделип, андан ары А.у.Э аттуу жаранга өткөн;
базар куруу үчүн каралган 0,42 гектар аянт Т.М.А аттуу жаранга таризделип, кийин Р.И.А аттуу жаранга өткөн;
трансформатордук станция жана өрт депосу үчүн каралган 0,18 гектар аянт Д.Н.А аттуу жарандын менчигинде калган.
"4-сентябрь күнү тинтүү иштери жүргүзүлүп, натыйжада аталган жер тилкелери мыйзамсыз менчикке өткөнү аныкталып, тастыктоочу документтер алынды. Тиешеси бар адамдар кылмыш жоопкерчилигине тартылды", — деп айтылат маалыматта.
Кылмышка шектелгендер күнөөсүн мойнуна алып, жерди муниципалдык менчикке кайтарышкан.