Жалал-Абад шаарынын аталышын өзгөртүүгө канча каражат кетери айтылды

Sputnik
БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Жалал-Абад шаарын Манас деп өзгөртүүгө болжол менен 15 миллион сом кетет. Бул тууралуу министрлер кабинети кабарлады.
Каражатты демилгечи катары Жалал-Абад шаардык мэриясы бөлүп, “Жалал-Абад” флагштогу менен мөөрлөрдү алмаштырууга, шаардагы белгилерди, аталыштарды, почта дарегин өзгөртүүгө, шаардык кызматтардын жана уюмдардын кызмат орундарын каттоого жумшалат. Шаар бийлигине бул ишти бүтүрүү үчүн алты ай убакыт берилет (мыйзам кабыл алынгандан кийин).
Бүгүн Жогорку Кеңештин тиешелүү комитети шаардын атын өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун үч окууда жактырды. Документ шашылыш каралып, ушул аптада парламенттин жыйынында чечилиши мүмкүн.
Бишкектин көчөлөрүнө бирден гана аталыш ыйгаруу сунушталууда