Эксперт: Евразия мейкиндигинде коопсуздук системасы өзгөрдү

Sputnik
БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Акыркы жылдары Евразия мейкиндигинде эл аралык коопсуздук концепциясынын системасы эле эмес, аны кабыл алуунун өзү да өзгөрдү. Бул тууралуу Россия Илимдер академиясынын коомдук илимдер боюнча илимий маалымат институтунун директору Алексей Кузнецов Бишкекте өтүп жаткан IV Евразиялык аналитикалык форумда билдирди.
Эксперт жыйынга видеобайланыш аркылуу чыккан.
Кузнецовдун айтымында, бүгүн Чоң Евразия мейкиндигинде туруктуу тынчтыкты камсыздоочу коопсуздук концепциясы жана аны ишке ашыруу жолдорун бекитүү маселеси курч турат.
"Коопсуздукту саясий-аскердик көз караштан эле эмес, экономикалык да, социалдык да аспектиден кароо зарылдыгын аңдап түшүнүүбүз керек. Бүгүн дүйнө тартибинин өзгөрүүсү экономика, тышкы экономикалык байланыштар, эволюциялык байланыштар, саясат, экология жана башка талуу маселелер камтылган бардык тармакка тиешелүү болуп жатат", — деди эксперт.
Кузнецов евразиялык үч бурчтук деп аталган Россия, Кытай жана Индиянын жогорулап жаткан ролуна токтолгон. Анын айтымында, бул мамлекеттер ушу тапта көпчүлүк умтулган дүйнөдөгү туруктуулукка негиз болуп бере алышат.
"Аталган өлкөлөр өздөрү үчүн эле эмес, жанындагы коңшулары үчүн да адилеттүү дүйнө тартибин түзүүгө жөндөмдүү. Россия, Кытай, Индиянын үч бурчтугу тууралуу айтсак, географиялык жактан алганда үч мамлекет менен чектешкен Борбордук Азия дүйнө тартибинин трансформациясынан четте кала албайт", — деди адис.
ЖККУ баш катчысы: Евразия элдеринин жаркын келечек куруу үчүн бардык шарты бар