Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Германия канцлери: Украинага колдоо көрсөтүү көпкө уланышы мүмкүн

Sputnik
БИШКЕК, 9-сен. – Sputnik. Украина Россия менен Кытайдын Түштүк-Чыгыш Европадагы таасирин бекемдөө аракеттерине каршы туруп, Батыштын эркиндигин коргоп жатат. Мындай пикирин Германиянын канцлери Фридрих Мерц Берлинде элчилердин конференциясында билдиргенин РИА Новости жазды.
Анын айтымында, Киев бийлигин колдоо зарылдыгы дагы бир топко созулушу мүмкүн.
"Биз Украина Европадагы тынчтык үчүн күрөшүп жаткандыктан да жардам (Киев бийлигине — ред.) көрсөтүшүбүз керек. Бул факт, аны карап чыгып, бүтүм чыгардык. Украинага жардам берүү өтө узакка созулушу мүмкүн", — деген Мерц.
Саясатчы эч кандай мисал келтирбей туруп эле Түндүк жана Балтика деңиздеринде немец инфраструктурасына каршы Россия тараптан гибриддик чабуулдар көбөйүп жатат деген кине койгон.
"Россия менен Кытай Европанын түштүк-чыгыш тарабында өзүнүн таасирин арттырып, ал эми Украина Европада биздин эркиндигибизди сактап жатат. Биздин аны Украина менен бирге коргоп жатканыбыз бекерге кеткен саясий кадам эмес", — деген Мерц.
Россия лидери Владимир Путин буга чейин америкалык журналист Такер Карлсонго берген маегинде Россиянын НАТО өлкөлөрүнө кол салуу ниети жоктугун, мындай кадамдын таптакыр маанисиз экенин түшүндүргөн. Ал батыш саясатчылары ички көйгөйлөрдөн алагды кылуу үчүн элин Россия менен коркутууну адат кылып алышканын айткан. Анткен менен сергек ой жүгүрткөн ар бир адам мунун фейк экенин жакшы түшүнөрүн белгилеген.
Канцлер Мерц Германия Россия менен тирешкен абалда экенин айтты