Амангелдиев: Россия тарап күйүүчү майды үзгүлтүксүз жеткирүүгө кепилдик берген

Sputnik
БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Россия тарап күйүүчү майды үзгүлтүксүз жеткирүүгө кепилдик берген. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев "Биринчи радионун" эфиринде билдирди.
Анын айтымында, Чолпон-Атадагы саммитте минкаб башчысы Адылбек Касымалиев россиялык кесиптеши Михаил Мишустинден күйүүчү майды үзгүлтүксүз жеткирүүгө кепилдик алган.
"Нефтетрейдерлердин запасы 1,5 айга жетет. Аны эки айга чейин көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк бар. Кандайдыр бир кыйынчылыктар болсо, өкмөт көмөк көрсөтүүгө даяр", — деген Амангелдиев.
Өкмөт өкүлү өлкө керектеген күйүүчү-майлоочу майдын 98 пайызы Россиядан келерин айткан. Ага болгон баа дүйнөлүк рыноктогу абалга жараша өзгөрө турганын белгилеп, Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы бааны турукташтыруу боюнча түздөн-түз нефтетрейдерлер менен иш жүргүзөрүн кошумчалаган.
Кыргызстанда күйүүчү май сентябрдын соңуна чейин 3-4 сомго кымбатташы мүмкүн