БИШКЕК, 9-сен. — Spunik. Непалдагы нааразылык акцияларынын кесепетинен 19 киши каза таап, 300гө чукулу жаракат алып, андан улам премьер-министр Шарма Оли отставкага кетти. Бул туурасында РИА Новости жазды.
ЖМКлардын жазганына караганда, анын аркасынан эле оппозициядагы Улуттук демократиялык партиянын мүчөлөрү да отставкага кеткен.
Ал эми RT өлкөдөгү соңку окуяларды тизмектеди:
нааразылык социалдык тармакка чектөө коюлгандан кийин башталган;
оппозициядагылар өкмөттүн ишин сындап, митингге чыккан жаштардын талаптарын уга алган жок дешти;
Непалдын борбору Катмандудагы аэропорт жабылып, бардык каттамдар токтотулду;
Непалдын армиясы министрлерди резиденцияларынан коопсуз жайга алып чыгып кетип жатат;
митингчилер премьер-министрдин, бир канча министрлер менен саясатчылардын резиденциясына өрт коюшту;
парламент имараты да өрттөндү;
нааразы болгондор Катмандудагы өкмөттүк комплекске кирип барган.
Өткөн жумада бийлик Байланыш жана маалымат технологиялары министрлигинде катталбаган социалдык платформалардын ишине чектөө койгон. Алардын ичинде Meta*, Alphabet (YouTube), X, Reddit жана LinkedIn бар эле.
Мындан улам 8-сентябрда Катмандуда, ага удаалаш эле башка шаарларда нааразылык, толкундоолор башталган. Алардын негизги бөлүгүн жаштар түзгөн. ЖМКлар муну "Z муунунун ыңкылабы" деп атады.
Бүгүн Непалдын өкмөтү социалдык тармактарга коюлган бөгөттү алган.