2040-жылга чейин өлкөнү өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы кабыл алынды. Негизи мамлекет көңүл бурса ишкер аялдар экономиканы өргө тартат. Буга чейин аялдар ишкердигин өнүктүрүүнү колдоо боюнча комплекстүү экосистеманы түзүүгө тийиштүү көмөк болбогонун Замира Акбагышева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстан аялдар конгресси 30 жылдан бери кыз-келиндер үчүн бизнес-курстарды ачып, ишкердикти өнүктүрүүгө жардамдашып келет.
"Бишкекте 10-сентябрда V эл аралык аялдар бизнес-форуму өтөт. Иш-чара эл аралык кызматташуунун, бизнести кеңейтүүнүн, тажрыйба алмашуунун жана бизнестик байланыш түзүүнүн аянтчасына айланды. Учурда аялдарды чакан жана орто бизнестен, ири ишкерликтен да көрүүгө болот. Мына, 2040-жылга чейин өлкөнү өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы кабыл алынды. Негизи мамлекет көңүл бурса ишкер аялдар экономиканы өргө тартат. Буга чейин аялдар ишкердигин өнүктүрүүнү колдоо боюнча комплекстүү экосистема түзүүгө тийиштүү көмөк болгон жок. Кыргыздын аялзаты абдан көп тараптуу, таланттуу келет. Мисалы, улуттук прикладдык искусствону жоготпой, элдик кол өнөрчүлүктү ала жүргөн аялдарды колдоо керек", — деди Акбагышева.
Ошондой эле ал элетке көңүл буруп, тиешелүү мамлекеттик органдар аялдар ишкердиги үчүн өнүктүрүү программаларын бекитиши керектигин кошумчалады.