Израиль Катарга ракеталык чабуул жасады. Садыр Жапаров сокку урулушун айыптады

Sputnik
БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Израиль армиясы АКШнын Газа тилкесинде элдешүү сунушун талкуулоо учурунда ХАМАСтын Дохадагы жогорку даражалуу өкүлдөрүнө сокку урганын РИА Новости жергиликтүү ЖМКларга таянып билдирди.
Израилдин ЖМКлары кыймылдын төрт өкүлү каза тапканын билдирди. Бирок уюм өзү бул тууралуу кабардар эмес экенин айтты. Катар бийлиги чабуул ХАМАСтын саясий бюросунун бир нече мүчөсү жашаган турак жайларга жасалганын белгиледи.
Өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги бул окуяны эл аралык мыйзамдарды одоно бузуу, ошондой эле өлкөдөгү Катар жарандарынын жана чет элдиктердин коопсуздугу менен өмүрүнө олуттуу коркунуч деп атады.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Доха шаарында болгон ракеталык чабуулду айыптай турганын анын маалымат кызматы кабарлады.
Өлкө башчы бул аракеттер эл аралык укуктун жана БУУ уставынын принциптерин бузуп, Катар мамлекетинин аймактык бүтүндүгүнө жана эгемендүүлүгүнө зыян келтирет деп эсептейт.
Израилдиктер Газадагы согушту токтотуу талабы менен нааразылыкка чыкты