БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Батыш Украинанын аймагында ок атышууну иш жүзүндө токтотууну камсыз кылуу маселесин талкуулап, бул максатта АКШнын "аба калканы" колдонулушу мүмкүндүгү айтылууда. Маалыматты РИА Новости британиялык Financial Times басылмасына таянып жазды.
"Учурда "согуш отун де-факто алганда" америкалык "аба калканы" аркылуу токтотуу боюнча кеп болууда", — деп жазган макаланын автору Гидеон Рахман.
Бул АКШ Украинаны "аба калканы" менен коргоп чабуулдарды токтотсо, расмий келишимге кол коюлбаса да согуш автоматтык түрдө басаңдайт дегенди билдирет.
Рахмандын жазганына таянсак, Европа лидерлери Украинага берилчү аскердик жардамды тез жана ыңгайлуу кылып берүү боюнча иш алып барып жатышат. Журналист бул калкан Украинанын асманын ракетадан эмес, дрондордон коргоочу каражаттардын санын арбытуу дегенди түшүндүрөрүн айтты.
"Европалыктар деңиз тараптан колдоо көрсөтүүгө салымын аздап кошууда. Кыязы, Европадан авиатехникаларды, конуп же уча турган кемелерди алып келип жайгаштыруу маселеси талкууланып жатат", — деген Рахман.
Өткөн аптада Франция президенти Эммануэль Макрон Парижде өткөн "каалоочулар коалициясынын " жолугушуусунун жыйынтыгы менен 26 мамлекет ок атышууну токтоткондон кийин Украинанын аймагына аскер жайгаштыруу боюнча расмий милдеттенме алгандыгын билдирген.
Россия лидери Владимир Путин Чыгыш экономикалык форумунда сүйлөп жатып, Россия Украина аймагындагы бардык аскердик күчтөрдү жоюуну өзүнүн мыйзамдуу максаты деп эсептээрин айткан. Муну менен катар эле тынчтык туруктуу орносо ал жакта чет элдик аскерлердин жүрүшүнүн зарылдыгы жоктугун белгилеп, Москва тынчтык келишимдерин толук аткарарын кошумчалаган.