ЕАЭБдин азык-түлүк коопсуздугу үчүн үрөндүн жалпы рыногу жакшыртылууда

Sputnik
БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. ЕАЭБдин азык-түлүк коопсуздугун жогорулатуу үчүн үрөндүн жалпы рыногу жакшыртылууда. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынан билдиришти.
Биримдикке кирген мамлекеттерде атаандаштыкка жөндөмдүү буудай, арпа, жүгөрү, картошка, күн карама, помидор, бадыраң, беденин сорттору жана кант кызылчасынын гибриддери бар. Бул багытта 2017-жылы уюмдун алкагында үрөн жүгүртүүгө байланыштуу келишим кабыл алынган.
"Келишимдин негизги жобосу — ЕАЭБде үрөндүн сапаты боюнча документтерди өз ара таануу. 2021-жылы мамлекет башчылары үрөнчүлүк жана сортторду сыноо тармагында бирдиктүү нормаларды киргизүүнү милдет кылган. 2025-жылы бул этап аяктайт, ал эми 2026-жылы бул чаралардын жыйынтыгы чыгарылып, мындан аркы багыт белгиленет", — деди ЕЭКтин агроөнөр жай саясаты департаментинин бөлүм башчысы Андрей Дробышевский.
Ал жалпы үрөн рыногун өнүктүрүүнүн негизги максаты ЕАЭБ өлкөлөрүнүн азык-түлүк коопсуздугун жогорулатуу экенин белгилеген.
ЕАЭБге артыкчылык берилиши керек. Министрдин орун басары маркетплейстер тууралуу