Балдарды социалдык чөйрөгө кантип аралаштыруу керек?

Sputnik
Балдарды жаңы социалдык чөйрөгө алаштыруу үчүн, биринчи кезекте аларга эмоционалдык колдоо көрсөтүү абдан маанилүү. Ата-эне же чоң кишилер бала менен ачык сүйлөшүп, чөйрө алмашуу — табигый жана убактылуу процесс экенин түшүндүрүшү керек. Жаңы мектепке же бакчага барардын алдында ал жер менен тааныштырып, баланын суроолоруна жооп берип, коркунучтарын азайтуу зарыл. Ошондой эле баланын өзүнө ишенүүсүн арттырган жөнөкөй тапшырмалар, көнүгүүлөр пайдалуу. Эгер мүмкүнчүлүк болсо, мугалим же тарбиячы менен алдын ала тааныштырып койгон оң. Эң негизгиси бала өзү жалгыз эместигин, анын жанында колдогон адамдар бар экенин сезиши керек.
Бул тууралуу "Көз мончок" программасында психолог Миргүл Сатимбаева кеп кылды.