Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Sputnik
Билим берүү министрлиги “Өкмөттүк акселераторлор” программасынын алкагында лицензия берүүнү жөнөкөйлөтүүдө. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирет. Атап айтканда- Жеке мектептер тууралуу керектүү маалыматтар “Түндүк” системасы аркылуу алынуучу автоматташтырылган система иштелип чыгууда. Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти жана ӨКМдин корутундулары система аркылуу 3–7 иш күнүнүн ичинде алынат. - Окуу планына аймактык билим берүү органдарынын макулдугу талап кылынбайт. -Лицензия берүү комиссиянын катышуусуз ишке ашат жана лицензиялык кеңештин чечимин күтүүнүн кереги жок болот. Эгер документтер талаптарга жооп берсе, лицензия автоматтык түрдө берилет. - Арыз каралган мөөнөт 30 күндөн 15–20 күнгө чейин кыскартылат. - Мамлекеттик кызматкерлер менен физикалык байланыштын азайышы коррупциялык тобокелчиликтерди төмөндөтүүгө шарт түзөт.
Ставриди Руслан Болотович М.Жангазиев атындагы Кыргыз мамлекеттик куурчак театрынын директору болуп дайындалды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти. Ставриди Руслан 1963-жылы 8-декабрда Фрунзе шаарында жарык дүйнөгө келген. Орто мектепти аяктагандан кийин 1981–1982-жылдары Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын Театралдык студиясында билим алып, 1982-1984-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн. Эмгек жолун 1984-жылы Фрунзе шаарындагы Республикалык куурчак театрында актёр болуп баштаган. 2023-жылдан бери М. Жангазиев атындагы Кыргыз мамлекеттик куурчак театрынын директорунун орун басары кызматын ээлеген.
РФ лидери Владимир Путиндин сөзүнөн кийин АКШ президенти Дональд Трамп дипломатиялык аракеттерин арттырышы керек болчудай. Бул туурасында Responsible Statecraft басылмасы жазган.ШКУнун саммитинде Путин эгерде акыл-эстүүлүк менен иш алып барса согушту токтотуунун ылайыктуу варианттарын сүйлөшүүгө болорун айткан. Автор Трамп Вашингтондун, Москванын жана Киевдин ортосундагы олуттуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү демилгесин көтөрүшү үчүн дипломатиялык аракеттерин күчөтүшү керектигин айткан. Бул кадам көп жага бербесе да качандыр бир кезде жолугушуу башталышы шарт экенин, кол куушуруп күтүп отура берүү тынчтыкты орнотуп бербестигин белгилеген.
Непалдагы нааразылык акцияларынын кесепетинен 19 киши каза таап, 300гө чукулу жаракат алып, андан улам премьер-министр Шарма Оли отставкага кетти. Бул туурасында РИА Новости жазды.ЖМКлардын жазганына караганда, анын аркасынан эле оппозициядагы Улуттук демократиялык партиянын мүчөлөрү да отставкага кеткен.Өткөн жумада бийлик Байланыш жана маалымат технологиялары министрлигинде катталбаган социалдык платформалардын ишине чектөө койгон. Алардын ичинде Meta*, Alphabet, X, Reddit жана LinkedIn бар эле. Мындан улам 8-сентябрда Катмандуда, ага удаалаш эле башка шаарларда нааразылык, толкундоолор башталган. Алардын негизги бөлүгүн жаштар түзгөн. ЖМКлар муну "Z муунунун ыңкылабы" деп атады.