Балдарда миопия, астигматизм жана кылый көз: эрте аныктоо чоң көйгөйдөн сактайт

Sputnik
Косоглазие (кылый көз) – бир же эки көздүн түз карабай, четке бурулушу. Бул мээ менен көз булчуңдарынын байланышындагы бузулуу болгон учурда пайда болот.
Бул оорулар баланын сабакка болгон кызыгуусун, көңүлүн жана өнүгүүсүн басаңдатып коёт. Өз убагында офтальмологго көрүнүп, диагностикадан өтүү – келечектеги татаал көрүнүштөрдөн сактайт. Дарылоо көз айнек, көнүгүүлөр же кээ бир учурларда операция аркылуу жүргүзүлөт.
Бул тууралуу көз доктору Айгерим Закирова маектин жүрүшүндө билдирди.