Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан ортосунда 2026-жылдын жаз айларына чейин электр энергиясы менен камсыз кылуу боюнча протоколго кол коюлду. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти. Ага ылайык, Казакстандын энергосистемасы аркылуу Россиядан, Өзбекстан аркылуу Түркмөнстандан электр энергиясын импорттоо шарттары макулдашылган. Мындан тышкары, Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда да электр энергиясын жеткирүү боюнча эки тараптуу протоколго кол коюлган. Энергетика министрлиги Токтогул суу сактагычындагы сууну сактоо жана сарамжал пайдалануу үчүн ушундай аракет көрүлүп жатканын белгилеген. Жолугушуу Чолпон-Ата шаарында өтүп, ага үч өлкөнүн суу чарбасы менен энергетикасын тескеген мекемелеринин жетекчилери катышты.
Мамлекеттик салык кызматы мүлктү сатуудан түшкөн киреше салыгын кантип төлөө керектигин түшүндүрдү. Ведомстводон билдиришкендей, эгерде жаран мүлккө бир жылдан көп эмес убакыт ээлик кылган болсо, анда мүлктү сатуудан түшкөн кирешеден киреше салыгын төлөөгө милдеттүү. Кыргызстандын салык мыйзамдарына ылайык, турак үйдү, батирди же автоунааны сатууда алынган кирешеден 10 пайыз өлчөмүндө, тактап айтканда сатып алуу суммасы менен сатуу суммасынын ортосундагы айырмага киреше салыгын төлөө зарыл. Эгерде мүлк 1 жылдан кийин сатылса, сатуу суммасына карабастан, киреше салыгы төлөнбөйт. Бирок, турак эмес жайларды сатууда киреше салыгы иштөө мөөнөтүнө карабастан төлөнөт.
Жалал-Абадда жоокерди сабаган ефрейтор кармалганын Sputnik агенттигине Аскер прокуратурасынан билдиришти.Күзөт жана коштоо департаментинин келишимдик негизде кызмат өтөгөн аскерине Кылмыш-жаза кодексинин "Бири-бирине баш ийүүчүлүк мамилеси болбогон аскер кызматчыларынын ортосундагы өз ара мамилелердин уставдык эрежелерин бузуу" беренеси менен айып коюлууда.Ефрейтор убактылуу кармоочу жайга киргизилген.Аталган окуя 2-сентябрга караган түнү Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын Жалал-Абад облусундагы №5 батальонунда болгон. Ефрейтор нөөмөттө турган катардагы жоокерди ур-токмокко алган видео тараган. Окуядан кийин экөө тең Базар-Коргон райондук ооруканасынан медициналык кароодон өтүшкөн. Кечээ күнү Акыйкатчы институту тараткан маалыматта ефрейтордун канынан алкоголь табылып, сабалган жоокерге жеңил жаракат алган деген диагноз коюлганы айтылды.
Украина Россия менен Кытайдын Түштүк-Чыгыш Европадагы таасирин бекемдөө аракеттерине каршы туруп, Батыштын эркиндигин коргоп жатат. Мындай пикирин Германиянын канцлери Фридрих Мерц Берлинде элчилердин конференциясында билдиргенин РИА Новости жазды. Анын айтымында, Киев бийлигин колдоо зарылдыгы дагы бир топко созулушу мүмкүн.Саясатчы эч кандай мисал келтирбей туруп эле Түндүк жана Балтика деңиздеринде немец инфраструктурасына каршы Россия тараптан гибриддик чабуулдар көбөйүп жатат деген кине койгон. Россия лидери Владимир Путин буга чейин америкалык журналист Такер Карлсонго берген маегинде Россиянын НАТО өлкөлөрүнө кол салуу ниети жоктугун, мындай кадамдын таптакыр маанисиз экенин түшүндүргөн. Ал батыш саясатчылары ички көйгөйлөрдөн алагды кылуу үчүн элин Россия менен коркутууну адат кылып алышканын айткан. Анткен менен сергек ой жүгүрткөн ар бир адам мунун фейк экенин жакшы түшүнөрүн белгилеген.