Министрлер кабинети Кыргызстандын жарандары үчүн жаңы үлгүдөгү паспортторду бекитти. Документтердин эки түрү 2025-жылдан тарта күчүнө кирет: ID-карта жана жалпы жарандык паспорт. Алар үчүн аларды каттоо жана пайдалануу эрежелерин аныктаган жаңы жоболор бекитилди. Паспортторду персоналдаштырууну президенттик аппаратка караштуу “Кызмат” мамлекеттик мекемеси аткарат. Өлкөнүн мамлекеттик секторун санариптик модернизациялоо, инновациялык маалыматтык системаларды иштеп чыгуу, IT-долбоорлор, негизги санариптик чечимдер тууралуу Президентинин Иш башкармасына караштуу "Кызмат" мамлекеттик мекемесинин директору Урматбек Камбаров айтып берди.