Москвада 1-сентябрдан тарта мигранттар үчүн “Амина” тиркемеси ишке кирет. Тиркеме азыркы тапта колдонулуп жаткан миграциялык каттоо тартибинин ордун басары кабарланды. Аны калаага иштегени барган ар бир чет элдик жаран милдеттүү түрдө мобилдик аппаратына орнотушу керек болот. Колдонмого катталуу үчүн чет элдик жарандын жарактуу картасы талап кылынат.
Бүгүнкү “Спутниктен сүйлөйбүз" программасында дал ушул жаңы тиркеме жана жалпы эле Россиядагы мигранттарга байланыштуу кырдаал тууралуу маектештик. Биздин суроолорубузга Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин эксперт-жетектөөчү референти Адилет Асанов жооп берди.