Президент Садыр Жапаров Нарынга болгон иш сапарынын алкагында социалдык жана инфраструктуралык долбоорлордун курулушун көрдү. Бул тууралуу анын маалымат кызматы кабарлады. Өлкө башчысы Мамлекеттик ипотекалык компания салып жаткан 216 батирден турган тогуз кабаттуу төрт блоктун курулушун көрүп чыгып, региондун жашоочулары үчүн батирлердин санын көбөйтүүнү тапшырган.Президент Нарын шаарындагы чуулуу жолдордун курулушун да текшерген. Ага Ленин көчөсүнө асфальт төшөө башталганын, Шералиев көчөсүндө подрядчы ишкана кетирген кемчиликтер жоюлуп жатканын айтып беришти.Президент андан соң инновациялык-креативдик борбордун курулушун көргөн. Аталган борбор китепкана, музей, телестудия, киноконцерттик зал, коворкинг жана IT-зона, соода аянтын камтыйт. Ага катар эле балдардын көңүл ачуу борбору жана муниципалдык мончо курулуп жатат.
Өкмөт аз камсыз үй-бүлөлөргө электр энергиясы боюнча тарифтик жеңилдикти акчалай компенсацияга алмаштырууну көздөөдө. Энергетика министрлиги президенттин тиешелүү жарлыгына өзгөртүү киргизүүнү сунуштап, документти коомдук талкууга чыгарды. Учурда "Үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пулун алган 16 жашка чейинки балдары барлар электр энергиясынын 1 кВт/саатына 50 тыйындан төлөшөт. Бул жеңилдик 2024-жылы 62,8 миң абонентке берилип, алар жыл ичинде 320,4 млн кВт/саат электр энергиясын колдонгон. Натыйжада энергетикалык компаниялар 185,1 млн сом чыгым тарткан. Министрлик бул жеңилдик натыйжалуу болбой жатканын белгилөөдө. Себеби көпчүлүк үй-бүлөлөр ижара үйлөрдө жашап, бат-баттан көчүп жүрүшөт. Мындан улам жеңилдиктин ордуна ар бир үй-бүлөгө ай сайын акчалай компенсация берүү сунушталууда. Ал жөлөк пулга кошулуп берилет. Ошол эле учурда үй-бүлөлөр азыр 1 кВт/саат электр энергиясы үчүн 50 тыйын төлөп жатканын эске алып, компенсация 700 кВт/саатка чейин эсептелет, бирок ошол 50 тыйын азыркы төлөмдөн алып салынат.
Батыш Украинанын аймагында ок атышууну иш жүзүндө токтотууну камсыз кылуу маселесин талкуулап, бул максатта АКШнын "аба калканы" колдонулушу мүмкүндүгү айтылууда. Маалыматты РИА Новости британиялык Financial Times басылмасына таянып жазды. Бул АКШ Украинаны "аба калканы" менен коргоп чабуулдарды токтотсо, расмий келишимге кол коюлбаса да согуш автоматтык түрдө басаңдайт дегенди билдирет. Рахмандын жазганына таянсак, Европа лидерлери Украинага берилчү аскердик жардамды тез жана ыңгайлуу кылып берүү боюнча иш алып барып жатышат. Журналист бул калкан Украинанын асманын ракетадан эмес, дрондордон коргоочу каражаттардын санын арбытуу дегенди түшүндүрөрүн айтты.Өткөн аптада Франция президенти Эммануэль Макрон Парижде өткөн "каалоочулар коалициясынын " жолугушуусунун жыйынтыгы менен 26 мамлекет ок атышууну токтоткондон кийин Украинанын аймагына аскер жайгаштыруу боюнча расмий милдеттенме алгандыгын билдирген.Россия лидери Владимир Путин Чыгыш экономикалык форумунда сүйлөп жатып, Россия Украина аймагындагы бардык аскердик күчтөрдү жоюуну өзүнүн мыйзамдуу максаты деп эсептээрин айткан. Муну менен катар эле тынчтык туруктуу орносо ал жакта чет элдик аскерлердин жүрүшүнүн зарылдыгы жоктугун белгилеп, Москва тынчтык келишимдерин толук аткарарын кошумчалаган.