10-сентябрга карата аба ырайы

10-сентябрда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Жалал-Абад жана Ысык-Көл облусунун тоолуу райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Шаршембиде өлкөнүн айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө 27…32, Талас өрөөнүндө 22…27, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында 30…35, Ысык-Көл жеринде 20…25, Нарын чөлкөмүндө 23…28 градус болот.
Күндүн табы Бишкекте 28…30, Ош шаарында 31…33 градусту көрсөтөт.
Жаанчыл болуп, ысыктын илеби кайтат. Алдыдагы аптага карата аба ырайы