БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Нарынга болгон иш сапарынын алкагында социалдык жана инфраструктуралык долбоорлордун курулушун көрдү. Бул тууралуу анын маалымат кызматы кабарлады.
Өлкө башчысы Мамлекеттик ипотекалык компания салып жаткан 216 батирден турган тогуз кабаттуу төрт блоктун курулушун көрүп чыгып, региондун жашоочулары үчүн батирлердин санын көбөйтүүнү тапшырган.
Президент Нарын шаарындагы чуулуу жолдордун курулушун да текшерген. Ага Ленин көчөсүнө асфальт төшөө башталганын, Шералиев көчөсүндө подрядчы ишкана кетирген кемчиликтер жоюлуп жатканын айтып беришти.
"Мындан тышкары, Чек ара кызматынын Тайлак баатыр атындагы облустук башкармалыгынын жер тилкелери жөнүндө маалымат берилди. 12 гектар аянт Нарын шаарынын мэриясына өтүп, ордуна Нарын районунан дал ушундай эле аянттагы тилке алынган. Аны трансформациялоо боюнча документтер даярдалууда", — деп белгиленген кабарда.
Президент андан соң инновациялык-креативдик борбордун курулушун көргөн. Аталган борбор китепкана, музей, телестудия, киноконцерттик зал, коворкинг жана IT-зона, соода аянтын камтыйт. Ага катар эле балдардын көңүл ачуу борбору жана муниципалдык мончо курулуп жатат.