БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Владимир Зеленский америкалык ABC каналына маек куруп жатып, Украинанын аймагы толугу менен Россияга өтүп кетпесе жеңишке жеттим деп эсептей турганын айткан. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Макалада акыркы кезде Зеленскийдин аймактык маселе боюнча сөзүндө кошумча нюанстар пайда боло баштаганы айтылат. Ал буга чейин аймактарынан кол жууганын караманча танып келсе, эми көзөмөлүнөн чыгып кеткен жерлердин Россияга кошулганын "юридикалык жактан тааныбай" турганын белгилеген.
Зеленский акыркы маегинде Россия Украинаны "толугу менен" оккупациялоого ниеттенип жатканын айтып, бул Путиндин жеңиши болмоктугун кошумчалаган.
Эскерте кетсек, Путин июнда Санкт-Петербургда өткөн эл аралык экономикалык форумда сүйлөп жатып, Россия эч убакта украин элинин көз карандысыз жана суверендүү болуу укугунан күмөн санабай турганын белгилеген. Сентябрдагы Чыгыш экономикалык форумунда РФ лидери Украинанын НАТОго кошулушу жана аймагына чет элдик аскер контингентинин жайгашуусу кабыл алынгыс нерсе экенине токтолгон. Мындан тышкары, Киев талап кылып жаткан коопсуздук кепилдиктери Москва үчүн да иштелип чыгышы керектигин билдирген болчу.
Ушу тапта Россия курамына кошулган жаңы региондорунан тышкары Харьков, Сум жана Днепропетровск облустарындагы аймактарды көзмөлүнө алып, мындан башка да калктуу конуштарды бошотууда. Путин Санкт-Петербургда өткөн эл аралык экономикалык форумда "орус аскеринин буту баскан жердин баары — биздики" деген эски сөздү эске салган.
Белгилей кетсек, ДЭР, ЛЭР, Херсон жана Запорожье облустары 2022-жылы өткөн референдумдун жыйынтыгы менен Россиянын курамына кошулган.