БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Жалал-Абад менен Ысык-Көлдүн тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү ыктымал. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Маалыматка караганда, аталган аймактарда 8-сентябрда күндүн экинчи жарымында жана 9-сентябрдан 10-сентябрга чейин нөшөрлүү жаан жаайт.
ӨКМ кырсык болгон учурларда 112 номерине чалуу керектигин эскертти. Кызмат акысыз, күнү-түнү иштейт.